КАЛДЫК МҮЧӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛДЫК МҮЧӨ – жакындатылган эсептөө фор­муласындагы туюнтманын так мааниси м-н жакындатылган маанисинин арасындагы айыр­ма. Жакындаштырылган формуланын натый­жалуулугун билүү үчүн калдык мүчөнү чектөө керек.
Мисалы, 2 ≈ 1,41 жакындаштырылган формула­га, төмөнкүдөй так формула 2 ≈ 1,41+R туу­ра келет, мында R санын 1,41 санына жакын­даштыруудагы калдык мүчө 0,004 < R < 0,005 экендиги белгилүү. Калдык мүчө дайым асимптоталык ажыратуу­да, интерполяция формуласында, Тейлор фор­муласында ж. б. кездешет.