КАЛДАМА АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:22, 10 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛДАМА АШУУСУ Фергана тоо тизмегинде, Көгарт суусунун башында. Бийиктиги 3062 м. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу бийиктиги 300–400 м. Негизинен силур-девондун акиташ теги, мрамор, сланец тектеринен турат. Ашуу июлдан ноябрдын башына чейин ачык. Ал аркылуу Жа­лал-Абад облусун Нарын облусу м-н байланыштыр­ган автомобиль жолу өтөт. Ашуунун мойногу түзөң шагылдуу ж-а кумдуу, түндүк-чыгыш капта­лы тигирээк. Чарбачылыкта мааниси чоң.