КАЛДАМА АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛДАМА АШУУСУ Фергана тоо тизмегинде, Көгарт суусунун башында. Бийиктиги 3062 м. Тоо кырларынын ашуудан салыштырмалуу бийиктиги 300–400 м. Негизинен силур-девондун акиташ теги, мрамор, сланец тектеринен турат. Ашуу июлдан ноябрдын башына чейин ачык. Ал аркылуу Жа­лал-Абад облусун Нарын облусу м-н байланыштыр­ган автомобиль жолу өтөт. Ашуунун мойногу түзөң шагылдуу ж-а кумдуу, түндүк-чыгыш капта­лы тигирээк. Чарбачылыкта мааниси чоң.