КАЛАШНИКОВ Николай Семёнович
КАЛА́ШНИКОВ Николай Семёнович [18. 12. 1913, Пишпек шаары (азыркы Бишкек) – 14. 8. 1944, Каунас шаары] – Советтер Союзунун Баатыры (24. 3. 1945, өлгөндөн кийин). 1935-жылдан Советтик Армияда.

Фрунзе айыл чарба техникумун бүтүп (1934), зоотехник болуп иштеген. Ташкенттеги В. И. Ленин атындагы жөө аскер командирлер окуу жайын бүткөн (1938) соң, лейтенант деген наам м-н ошол окуу жайында иштеген. Улуу Ата Мекендик согушта 1942-жылы май айынан аткычтар полкунун штаб начальниги, 1943-жылы июлдан 19-танкалык бригаданын мотордошкон батальонунун командири. Калашников Витебск, Теолочин шаарларын бошотууга, душмандардын Орша тобун кыйратууга катышкан. Анын батальону Березина дарыясынан биринчи болуп өтүп, Минскини, Литванын шаар кыштактарын бошотушкан. Калашников 1944-жылы 14-августта баатырларча курман болгон. Каунастагы Ашменос көчөсүнүн № 62-үйүндө, Ташкент аскердик окуу жайында ж-а Бишкектеги мектеп дубалында ага эстелик такта орнотулган.