КАЛАШНИКОВ Николай Семёнович

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЛА́ШНИКОВ Николай Семёнович [18. 12. 1913, Россия империясы, Түркстан генерал-губернаторлугу, Жети-Суу облусу, Пишпек (азыркы Бишкек) шаары – 14. 08. 1944, Литва ССРи, Жигарники айылы] – Советтер Союзунун Баатыры (24. 03. 1945, өлгөндөн кийин). 1935-жылдан Советтик Армияда.

Фрунзе айыл чарба техникумун бүтүп (1934), зоотехник бо­луп иштеген. Ташкенттеги В. И. Ленин атындагы жөө аскер командирлер окуу жайын бүткөн (1938) соң, лейтенант наамы менен ошол окуу жайында сабак берген. Улуу Ата Мекендик согушта 1942-жылы май айынан аткыч­тар полкунун штаб началь­ниги, 1943-жылы июлдан 19-танкалык бригаданын мотордошкон батальону­нун командири. Гвардиянын майору Н. С. Калашников Белоруссиянын Витебск, Толочин шаарларын бо­шотууга, душмандардын Орша тобун кыйратууга катышкан. Анын батальону Березина дарыясынан би­ринчи болуп өтүп, Минскини, Литванын шаар ­кыштактарын бошотушкан. Н. Калашников 1944-жылы 14-ав­густта баатырларча курман болгон. Каунаста­гы Ашменос көчөсүнүн № 62-үйүндө, Ташкент аскердик окуу жайында жана Бишкектеги мек­теп дубалында ага эстелик такта орнотулган.

Ад.: Алымкулов Н. А. Кыргызстанцы – герои Советского Союза и полные кавалеры Ордена Славы: новые факты, имена. Б., 2025.