КАЗЫНАЧЫЛЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:57, 7 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗЫНАЧЫЛЫК (казначейство; англ. exche- duer) – финансы министрлигинин курамында­гы же ага караштуу атайын мамлекеттик орган. АКШда казыначылык финансы министрлигинин департаменти‚ Францияда финансы министрлигинин казыначылык баш­кармалыгы катары иштейт‚ Улуу Британияда финансы министрлигинин курамына кирет. Россияда 1863-жылдан уюшулган‚ кийин фи­нансы министрлигинин курамында департамент болуп түзүлгөн. CCCРде мамлекеттик бюджет­тин кассалык милдетин CCCР Мамбанкы ат­карган. Кыргызстанда КР финансы министрлигинин казыначылыгы Кыргыз Өкмөтүнүн 1994-жылдын 2-февра­лындагы «Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинде казыначылыкты түзүү жөнүн­дө» ж-а 1994-жылдын 24-мартындагы «Кыр­гыз Республикасынын финансы министрлигин­де борбордук казначылыкты жана анын регион­дук бөлүмдөрүн түзүү жөнүндө» токтомдоруна ылайык түзүлгөн. Казыначылыктын негизги милдеттерине мамлекеттик бюджеттин долбоорун түзүү ж-а анын аткарылышын башкаруу‚ мамлекеттик карыз­ды‚ мамлекеттик баалуу кагаздардын эмиссия­сын башкаруу кирет. Казыначылык салыктын‚ бажы алы­мынын ж. б. бюджетке түшүшүн көзөмөлдөйт ж-а бекитилген ассигнованиелерге ылайык бюд­жеттик каражаттарды берет.