КАЗЫНАЧЫЛЫК
КАЗЫНАЧЫЛЫК (казначейство; англ. exche- duer) – финансы министрлигинин курамындагы же ага караштуу атайын мамлекеттик орган. АКШда казыначылык финансы министрлигинин департаменти‚ Францияда финансы министрлигинин казыначылык башкармалыгы катары иштейт‚ Улуу Британияда финансы министрлигинин курамына кирет. Россияда 1863-жылдан уюшулган‚ кийин финансы министрлигинин курамында департамент болуп түзүлгөн. CCCРде мамлекеттик бюджеттин кассалык милдетин CCCР Мамбанкы аткарган. Кыргызстанда КР финансы министрлигинин казыначылыгы Кыргыз Өкмөтүнүн 1994-жылдын 2-февралындагы «Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинде казыначылыкты түзүү жөнүндө» ж-а 1994-жылдын 24-мартындагы «Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинде борбордук казначылыкты жана анын региондук бөлүмдөрүн түзүү жөнүндө» токтомдоруна ылайык түзүлгөн. Казыначылыктын негизги милдеттерине мамлекеттик бюджеттин долбоорун түзүү ж-а анын аткарылышын башкаруу‚ мамлекеттик карызды‚ мамлекеттик баалуу кагаздардын эмиссиясын башкаруу кирет. Казыначылык салыктын‚ бажы алымынын ж. б. бюджетке түшүшүн көзөмөлдөйт ж-а бекитилген ассигнованиелерге ылайык бюджеттик каражаттарды берет.