КАЗЫ (мусулман өлкөлөрүндө укуктун негизинде иш алып барган адам)

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАЗЫ – 1) мусулман өлкөлөрүндө укуктун ж-а үрп-адаттардын негизинде иш алып барган адам (укук таануучу). Орто кылымдарда казылар документ күбөлөндүрүүчүнүн (нотариус) милдетин атка­рып, жетимдерди кароого алышкан же алар үчүн көз салуучу адам дайындашкан; жарандык, кылмыш иштери боюнча өкүмдөрдүн аткарылышын көзөмөлдөп, сот иштерин жүргүзгөн, ошондой эле ди­ний кызматтарды да аткарган. Мусулман уку­гуна байланыштуу иштерге (сот иши) казыдан баш­ка муфтий ж-а аглямдар кирген. Казынын кызма­ты жогорку катмарга таандык болуп, мамле­кеттен айлык алган. Медресени бүтүп, мусул­ман укугун өздөштүргөн, муфтийлердин сыны­нан өткөн адам хан тарабынан казылыкка да­йындалган. 19-кылымда Орто Азия хандыктарында казы сот системасынын түзүлгөнүнө байланыштуу казы-калян (жогорку сот), казы-кузат (улук сот), казы-аскер соту, казы-раис болуп бөлүнгөн. Айрым учурда казылар үй-бүлө, дин ж-а мурастоо иш­терин кароо м-н чектелген. Египет, Тунис, Түркия ж. б. мусулман өлкөлөрүндө шарият сот­торунун жоюлушу м-н казы институттары жабылган. 1927–28-жылдарда Орто Азияда, анын ичинде Кыргызстанда казы сотто­ру биротоло жоюлган; 2) мусулман башкаруу­чуларынын казатта (к. Газават) эрдик иштери үчүн алган ардактуу титулу.

А. Абазбеков.