КАЗЫ (мусулман өлкөлөрүндө укуктун негизинде иш алып барган адам)
КАЗЫ – 1) мусулман өлкөлөрүндө укуктун ж-а үрп-адаттардын негизинде иш алып барган адам (укук таануучу). Орто кылымдарда казылар документ күбөлөндүрүүчүнүн (нотариус) милдетин аткарып, жетимдерди кароого алышкан же алар үчүн көз салуучу адам дайындашкан; жарандык, кылмыш иштери боюнча өкүмдөрдүн аткарылышын көзөмөлдөп, сот иштерин жүргүзгөн, ошондой эле диний кызматтарды да аткарган. Мусулман укугуна байланыштуу иштерге (сот иши) казыдан башка муфтий ж-а аглямдар кирген. Казынын кызматы жогорку катмарга таандык болуп, мамлекеттен айлык алган. Медресени бүтүп, мусулман укугун өздөштүргөн, муфтийлердин сынынан өткөн адам хан тарабынан казылыкка дайындалган. 19-кылымда Орто Азия хандыктарында казы сот системасынын түзүлгөнүнө байланыштуу казы-калян (жогорку сот), казы-кузат (улук сот), казы-аскер соту, казы-раис болуп бөлүнгөн. Айрым учурда казылар үй-бүлө, дин ж-а мурастоо иштерин кароо м-н чектелген. Египет, Тунис, Түркия ж. б. мусулман өлкөлөрүндө шарият сотторунун жоюлушу м-н казы институттары жабылган. 1927–28-жылдарда Орто Азияда, анын ичинде Кыргызстанда казы соттору биротоло жоюлган; 2) мусулман башкаруучуларынын казатта (к. Газават) эрдик иштери үчүн алган ардактуу титулу.
А. Абазбеков.