КАУТСКИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́УТСКИЙ Карл, К а р л И о г а н н (16. 10. 1854, Прага – 17. 10. 1938, Амстердам) –

герма­ниялык социал-демократиянын ж-а 2-Интерна­ционалдын жетекчилеринин бири, тарыхчы, экономист, философ, публи­цист. 1874–79-ж. Вена ун­тинде тарых, философия, экономика ж-а юриспруден­цияны окуган. 1875-ж. Ав­стрия социал-демокр. жу­мушчу партиясына кирген. 1880–82-ж. Цюрихте иштеп жүргөндө Э. Бернштейн м-н достошкон. 1881-ж. Лондон­дон К. Маркс ж-а Ф. Энгельс м-н таанышып, рев-ялык марксизм позициясына өткөн. 1883–1917-ж. Гер­мания социал-демокр. партиясынын ж-а 2-Ин­тернационалдын теор. органы – «Die Neue Zeit» журналынын редактору. 1885-жылдан Лондон­до жашап, 1890-ж. Германияга кайткан. 1880– 90-жылдары «Карл Маркстын экономикалык окуусу» (1887), «Томас Мор ж-а анын утопия­сы» (1888) ж. б. эмгектеринде Маркс м-н Эн­гельстин саясий, экон., социол. ж-а филос. идея­ларын системалаштырган. 1891-ж. өзү иштеп чыккан Германия социал-демокр. партиясынын программасынын негизинде «Эрфрут программа­сына комментарийлер» (1892) жарык көргөн. 20- к-дын башында К. Россия ж. б. Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү рев-ялык кыймылдын өнүгүшүн анализдөөчү эмгектерди жараткан. «Славяндар жана революция» макаласында (1902-ж. «Иск­ра» гезитине басылган) дүйнөлүк пролетардык рев-янын өнүгүшү үчүн славян дүйнөсүндөгү рев-ялык окуяларды чагылдырган. Орус проле­тариатынын рев-ячылдыгы Батыш Европа үчүн үлгү деп баса белгилеген. К. 1905–07-ж. Россия­дагы рев-яны кубаттап, «Россиядагы дыйкан­дар жана революция» (1905, орус тилинде), «Кыймылдаткыч күчтөр жана орус революция­сынын перспективалары» (1907, орус тилинде) ж. б. китепчелерди даярдаган. Кийинки мезгил­дерде К. социал-демократия бийликке рев-ялык жол м-н эмес, парламенттик демократиянын ме­ханизмдери аркылуу келиш керек деген оюн бил­дирген. 1914-ж. К. азыркы капитализмдин уль­траимпериализм теориясын иштеп чыккан. Ал теория б-ча В. И. Ленин ж-а солчул социал-де­мократиянын өкүлдөрү иштеп чыккан импери­ализм – бул капитализмдин өнүгүшүнүн акыр­кы баскычы деген тезисин жокко чыгарган. 1-


дүйнөлүк согуштун башталышында К. улутчул позициядагы германиялык өкмөттүн өкүлдөрүнө каршы чыгып, Германия көз каранды эмес со­циал-демокр. партиясынын лидерлеринен бол­гон. Россиядагы Октябрь революциясын (1917) кабыл албай, большевиктердин саясаты демо­кратия м-н социализмдин идеяларына татык­туу эмес деп эсептеген [«Пролетариат диктату­расы», «Терроризм жана коммунизм», орус ти­лине 1919-ж. которулган]. Германиядагы Ноябрь рев-ясы (1918) мезгилинде немис социал-демок­ратиясынын оппортунисттик багытын колдогон. 1922-ж. Германия социал-демокр. партиясына кайра кирген. 1920–30-жылдары марксисттик философия м-н социологиянын өнүгүшү туура­луу эмгектерин жазган («Үй-бүлө жана никенин пайда болушу», «Христианчылыктын келип чыгышы», «Тарыхты материалисттик түшүнүү» 1–2-т.). 1938-ж. Австрия аншлюсунан кийин К. Чехословакияга, андан ары Нидерландга кет­кен.


Ад.: Клямкин И. М. Революционный марксизм против методологии ревизионизма и центризма. Воронеж, 1988; Петренко Е. Л. Каутский: очерк социалистических воззрений. М., 1991.