КАУТСКИЙ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́УТСКИЙ Карл, К а р л И о г а н н (16. 10. 1854, Прага – 17. 10. 1938, Амстердам) –

герма­ниялык социал-демократиянын ж-а 2-Интерна­ционалдын жетекчилеринин бири, тарыхчы, экономист, философ, публи­цист. 1874–79-жылдарда Вена университетинде тарых, философия, экономика ж-а юриспруден­цияны окуган. 1875-жылы Ав­стрия социал-демократиялык жу­мушчу партиясына кирген. 1880–82-жылдарда Цюрихте иштеп жүргөндө Э. Бернштейн м-н достошкон. 1881-жылы Лондон­дон К. Маркс ж-а Ф. Энгельс м-н таанышып, революциялык марксизм позициясына өткөн. 1883–1917-жылдарда Гер­мания социал-демократиялык партиясынын ж-а 2-Ин­тернационалдын теориялык органы – «Die Neue Zeit» журналынын редактору. 1885-жылдан Лондон­до жашап, 1890-жылы Германияга кайткан. 1880–90-жылдары «Карл Маркстын экономикалык окуусу» (1887), «Томас Мор ж-а анын утопия­сы» (1888) ж. б. эмгектеринде Маркс м-н Эн­гельстин саясий, экономикалык, социалдык ж-а философиялык идея­ларын системалаштырган. 1891-жылы өзү иштеп чыккан Германия социал-демократиялык партиясынын программасынын негизинде «Эрфрут программа­сына комментарийлер» (1892) жарык көргөн. 20- кылымдын башында Каутский Россия ж. б. Чыгыш Европа өлкөлөрүндөгү революциялык кыймылдын өнүгүшүн анализдөөчү эмгектерди жараткан. «Славяндар жана революция» макаласында (1902-жыл «Иск­ра» гезитине басылган) дүйнөлүк пролетардык революциянын өнүгүшү үчүн славян дүйнөсүндөгү революциялык окуяларды чагылдырган. Орус проле­тариатынын революциячылдыгы Батыш Европа үчүн үлгү деп баса белгилеген. Каутский 1905–07-жылдарда Россия­дагы революцияны кубаттап, «Россиядагы дыйкан­дар жана революция» (1905, орус тилинде), «Кыймылдаткыч күчтөр жана орус революция­сынын перспективалары» (1907, орус тилинде) ж. б. китепчелерди даярдаган. Кийинки мезгил­дерде Каутский социал-демократия бийликке революциялык жол м-н эмес, парламенттик демократиянын ме­ханизмдери аркылуу келиш керек деген оюн бил­дирген. 1914-жылы Каутский азыркы капитализмдин уль­траимпериализм теориясын иштеп чыккан. Ал теория боюнча В. И. Ленин ж-а солчул социал-де­мократиянын өкүлдөрү иштеп чыккан импери­ализм – бул капитализмдин өнүгүшүнүн акыр­кы баскычы деген тезисин жокко чыгарган. 1-дүйнөлүк согуштун башталышында Каутский улутчул позициядагы германиялык өкмөттүн өкүлдөрүнө каршы чыгып, Германия көз каранды эмес со­циал-демократиялык партиясынын лидерлеринен бол­гон. Россиядагы Октябрь революциясын (1917) кабыл албай, большевиктердин саясаты демо­кратия м-н социализмдин идеяларына татык­туу эмес деп эсептеген [«Пролетариат диктату­расы», «Терроризм жана коммунизм», орус ти­лине 1919-жылы которулган]. Германиядагы Ноябрь революциясы (1918) мезгилинде немис социал-демок­ратиясынын оппортунисттик багытын колдогон. 1922-жылы Германия социал-демократиялык партиясына кайра кирген. 1920–30-жылдары марксисттик философия м-н социологиянын өнүгүшү туура­луу эмгектерин жазган («Үй-бүлө жана никенин пайда болушу», «Христианчылыктын келип чыгышы», «Тарыхты материалисттик түшүнүү» 1–2-т.). 1938-жылы Австрия аншлюсунан кийин Каутский Чехословакияга, андан ары Нидерландга кет­кен.


Ад.: Клямкин И. М. Революционный марксизм против методологии ревизионизма и центризма. Воронеж, 1988; Петренко Е. Л. Каутский: очерк социалистических воззрений. М., 1991.