КАТЫН-АРТ АШУУСУ
КАТЫН-АРТ АШУУСУ Алай кырка тоосунда.
Алай (түш.) ж-а Гүлчө (түн.) өрөөндөрүн байланыштырат. Бийикт. 3514 м. Тоо кыркаларынын ашуудан салыштырмалуу бийикт. 200–
300 м. Ашуунун бели анча татаал эмес. Тоо кырлары тайпак, түздүктүн калдыктары кездешет. Негизинен палеозойдун акиташ тектеринен түзүлгөн. Ашуу аркылуу Ош – Хорог автомобиль
жолу өтөт.