КАТЫН-АРТ АШУУСУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТЫН-АРТ АШУУСУ Алай кырка тоосунда. Алай (түштүк) ж-а Гүлчө (түндүк) өрөөндөрүн бай­ланыштырат. Бийиктиги 3514 м. Тоо кыркала­рынын ашуудан салыштырмалуу бийиктиги 200–300 м. Ашуунун бели анча татаал эмес. Тоо кыр­лары тайпак, түздүктүн калдыктары кездешет. Негизинен палеозойдун акиташ тектеринен тү­зүлгөн. Ашуу аркылуу Ош – Хорог автомобиль жолу өтөт.