КАТУУ НЕРСЕ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТУУ НЕРСЕ – заттын агрегаттык абалынын бири. Ал туруктуу формага ээ. Аны түзгөн атом­дор өзүнүн тең салмактуу абалынын айлана­сында кичине (жылуулук) термелүүдө болот. К. н. к р и с т а л л д ы к ж-а а м о р ф т у к болуп бөлүнөт. Кристаллдарда атомдордун ж-а молекулалардын жайгашуусу белгилүү тартип­ке ээ, ал эми аморфтук К. н-нин бөлүкчөлөрү (атом ж-а молекулалары) иретсиз жайгашып, чекиттердин айланасында термелип турат. К. н-де иондуу, коваленттүү, металлдык ж. б. байланыштар болгондуктан, ал ар кандай физ. касиеттерге ээ. Мис., иондуу байланыштагы зат (диэлектрик) морт, ал эми металлдар өтө плас­тикалуу (чоюлгуч, ийилгич ж. б.). К. н-нин электр, магнит ж-а кээ бир жылуулук касиет­тери негизинен анын атомдорунун валенттүү электрондорунун кыймыл түрү м-н аныкталат. Кыймыл түрү болсо байланыштын тиби м-н шартталат. К. н. электрдик касиети б-ча диэ­лектрик, жарым өткөргүч ж-а металл болуп бөлүнөт; магниттик касиети б-ча диамагнетик, парамагнетик ж-а магнетик структурасы ирет­телген нерселер болуп айырмаланат.