КАТУУ НЕРСЕ
КАТУУ НЕРСЕ – заттын агрегаттык абалынын бири. Ал туруктуу формага ээ. Аны түзгөн атомдор өзүнүн тең салмактуу абалынын айланасында кичине (жылуулук) термелүүдө болот. Катуу нерсе к р и с т а л л д ы к ж-а
а м о р ф т у к болуп бөлүнөт. Кристаллдарда атомдордун ж-а молекулалардын жайгашуусу белгилүү тартипке ээ, ал эми аморфтук катуу нерсенин бөлүкчөлөрү (атом ж-а молекулалары) иретсиз жайгашып, чекиттердин айланасында термелип турат. Катуу нерседе иондуу, коваленттүү, металлдык ж. б. байланыштар болгондуктан, ал ар кандай физикалык касиеттерге ээ. Мисалы, иондуу байланыштагы зат (диэлектрик) морт, ал эми металлдар өтө пластикалуу (чоюлгуч, ийилгич ж. б.). Катуу нерсенин электр, магнит ж-а кээ бир жылуулук касиеттери негизинен анын атомдорунун валенттүү электрондорунун кыймыл түрү м-н аныкталат. Кыймыл түрү болсо байланыштын тиби м-н шартталат. Катуу нерсе электрдик касиети боюнча диэлектрик, жарым өткөргүч ж-а металл болуп бөлүнөт; магниттик касиети боюнча диамагнетик, парамагнетик ж-а магнетик структурасы иреттелген нерселер болуп айырмаланат.