КАТУУЛУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТУУЛУК ф и з и к а д а – материалдын бе­кемдигин ж-а ийилгичтигин мүнөздөөчү мех. касиет. 1) К. изилденүүчү материал бетине ша­рикти матыруу же учтуу призма аркылуу из калтыруу жолу м-н аныкталат. К-ту аныктоо­до бир канча ыкмалар белгилүү. Виккерс (англ. аскер-өндүрүш концерни «Виккерс») ыкмасын­да стандарт өлчөмдө жасалган алмаз пирами­дасынын учтуу учун бети жылмаланган нерсеге матырып басуу күчүнүн 1 мм2 аянтка из (так) калтырышы аркылуу К. аныкталат. Швед ин­женери Ю. А. Бринеллдин ыкмасы б-ча К. ша­риктин басуу күчүнүн, шарик калтырган издин аянтына болгон катышы аркылуу, амер. метал­лург С. П. Роквеллдин ыкмасы б-ча К. шарик­тин же призманын басуу күчүнүн пайда болгон издин тереңдигинин бийиктигине болгон каты­шы аркылуу аныкталат. Минералогияда К. Моос шкаласы б-ча эсептелет; 2) констр. элементтин деформацияга (созуу, ийүү, толгоо ж. б.) кар­шылык көрсөтүүсү, ал материалдын кесилиши­нин геом. мүнөздөмөсүнө ж-а физ. касиетине (серпилгичтүүлүк модулуна) көз каранды.