КАТУУЛУК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТУУЛУК ф и з и к а д а – материалдын бе­кемдигин ж-а ийилгичтигин мүнөздөөчү механикалык касиет. 1) Катуулук изилденүүчү материал бетине ша­рикти матыруу же учтуу призма аркылуу из калтыруу жолу м-н аныкталат. Катуулукту аныктоо­до бир канча ыкмалар белгилүү. Виккерс (англиялык аскер-өндүрүш концерни «Виккерс») ыкмасын­да стандарт өлчөмдө жасалган алмаз пирами­дасынын учтуу учун бети жылмаланган нерсеге матырып басуу күчүнүн 1 мм2 аянтка из (так) калтырышы аркылуу катуулук аныкталат. Швед ин­женери Ю. А. Бринеллдин ыкмасы боюнча катуулук ша­риктин басуу күчүнүн, шарик калтырган издин аянтына болгон катышы аркылуу, америкалык метал­лург С. П. Роквеллдин ыкмасы боюнча катуулук шарик­тин же призманын басуу күчүнүн пайда болгон издин тереңдигинин бийиктигине болгон каты­шы аркылуу аныкталат. Минералогияда катуулук Моос шкаласы боюнча эсептелет; 2) конструкциялык элементтин деформацияга (созуу, ийүү, толгоо ж. б.) кар­шылык көрсөтүүсү, ал материалдын кесилиши­нин геометриялык мүнөздөмөсүнө ж-а физикалык касиетине (серпилгичтүүлүк модулуна) көз каранды.