КАТУНЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТУ́НЬ – Алтай Респ. м-н Алтай крайы ар­кылуу аккан дарыя. Бий суусу м-н кошулуп, Обь д-н түзөт. Уз. 688 км, алабынын аянты 60,9 миң км2. Белуха чокусунун түш. капталын­дагы Катунь мөңгүсүнөн башталат. Ортоңку агы­мында кенен өрөөн аркылуу салааланып агат; төмөн жагында салыштырмалуу кууш өрөөн аркылуу агып, айрым жерлеринин жазылыгы 4 кмге жетет; чатына 70 км жетпей түздүккө чыгат. Мөңгү ж-а кар сууларынан куралат. Суу­сунун жылдык орт. чыгымы Сростка кыш. туш­та 629 м3/сек. Башатында декабрдан, төмөнкү агымында ноябрдын аягынан апрелдин 1-жа­рымына чейин муз каптайт. Ири куймалары: Аргут, Чүй (оң), Кокса, Сема (сол). Чатынан 75 км аралыкка чейин кеме каттайт. Сал агы­зылат. Алабынын жогорку бөлүгүндө Катунь ко­ругу уюшулган. Өрөөнү аркылуу Чүй тракты (Бийск ш-нан Россия – Моңголия чек арасына чейин созулган автомобиль жолу) өтөт. «Ка­тунь» топоними байыркы түрк тилинде – «да­рыя» деген маанини билдирет.