КАТУНЬ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТУ́НЬ – Алтай Республикасы м-н Алтай крайы ар­кылуу аккан дарыя. Бий суусу м-н кошулуп, Обь дарыясын түзөт. Узундугу 688 км, алабынын аянты 60,9 миң км2. Белуха чокусунун түштүк капталын­дагы Катунь мөңгүсүнөн башталат. Ортоңку агы­мында кенен өрөөн аркылуу салааланып агат; төмөн жагында салыштырмалуу кууш өрөөн аркылуу агып, айрым жерлеринин жазылыгы 4 кмге жетет; чатына 70 км жетпей түздүккө чыгат. Мөңгү ж-а кар сууларынан куралат. Суу­сунун жылдык орточо чыгымы Сростка кыштагы туш­та 629 м3/сек. Башатында декабрдан, төмөнкү агымында ноябрдын аягынан апрелдин 1-жа­рымына чейин муз каптайт. Ири куймалары: Аргут, Чүй (оң), Кокса, Сема (сол). Чатынан 75 км аралыкка чейин кеме каттайт. Сал агы­зылат. Алабынын жогорку бөлүгүндө Катунь ко­ругу уюшулган. Өрөөнү аркылуу Чүй тракты (Бийск шаарынан Россия – Моңголия чек арасына чейин созулган автомобиль жолу) өтөт. «Ка­тунь» топоними байыркы түрк тилинде «да­рыя» деген маанини билдирет.