КАТТАХАЗ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ
КАТТАХАЗ КУМ-ШАГЫЛ КЕНИ Ош обл-нун Кара-Суу р-нунда, Ош ш-нан 2–3 км түш.-батышта, Ак-Буура суусунун сол жээгинде, деңиз деңг. 1000–1300 м бийикте. 1977-ж. Түш. Кыргыз геол. экспедициясы чалгындаган. Калыңдыгы 30 мден 70 мге жеткен плиоцен-төмөнкү төртүнчүлүк мезгилиндеги аллювий кум-шагылдан түзүлгөн. Кум-шагылдын астында конгломераттар жатат, калыңдыгы 7,5–10 мге жеткен кумайлуу чопо м-н жабылып калган. Кошундуда 25,5% койташ, 52% шагыл, 22,5% кум бар. Кум-шагыл «300» маркадагы бетон даярдоого жарамдуу. Запасы А+В категориясы б-ча – 6000
миң м3, С – 9700 миң м3, А+В+С – 15700 м3.
1997-жылга карата баланстагы запасы: А – 122 миң м3, В – 1841 миң м3, А+В –1963 миң м3,
3 3 С1 – 9700 миң м , А+В+С1 – 11663 миң м .