КАТОЛИЦИЗМ
КАТОЛИЦИ́ЗМ (гр. Katholikjs – жалпы, ааламдык) – христианчылыктагы негизги агымдардын бири (православие ж-а протестантизм м-н катар). Батыш Европа (Италия, Испания, Португалия, Германия, Франция, Бельгия, Ирландия, Австрия, Польша, Венгрия, Чехия, Словакия ж. б.) ж-а Латын Америка өлкөлөрүнүн көпчүлүк калкы К-ди тутат, о. эле Кубада, Балтика боюнда ж-а Беларуссия м-н Украинанын батыш обл-нда да католиктер басымдуулук кылат. К. динин туткандардын саны 1,7 млрд, а. и. 5 миң епископ, 400дөн ашык поп, 30 миңден ашык дьякон, 800 миң монахинья, 55 миң монах ж-а 100 миңдей дин семинариясы бар
(2000). К. 3–5-к-да Рим империясынын батыш
ж-а чыгыш бөлүгүндө пайда болуп, көп кылымдар бою Батыш Европада үстөмдүк кылган.
Христиан чиркөөсү 1054–1204-ж. католик ж-а
православие чиркөөлөрүнө бөлүнгөн. 16-к-да К-ден протестантизм ажырап чыккан. Католик
чиркөөсүнүн уюштурулушу бекем борборлоштурулгандыгы ж-а иерархиялык мүнөзү м-н айырмаланат. Монархиялык борбору – папачылык,
башчысы – Рим папасы, анын резиденциясы –
Ватикан. К-дин расмий филос. доктринасы –
неотомизм (Фома Аквинскийдин окуусуна негизделет). Диний ишеним окуусунун булагы –
Ыйык жазуу (Библия) ж-а Ыйык уламыш. Католик чиркөөсү православие чиркөөсүнөн айырмаланып, догматтарды өнүктүрүү принцибин ж-а диний ырым-жырымдарды да колдойт. Бул принцип б-ча чиркөө соборлору жаңы догматтарды [Толед соборунда К-дин (Троица ж-дөгү)
«филиокве» (лат. Filiogue – уулдан дагы) догматында Ыйык Рухту Ата Кудай гана эмес, Уул Кудай да жараткан деп эсептейт (589); Ферраро- Флорентий соборунда «тазартуу» тууралуу догмат (1439); I Ватикан соборунда Рим папасынын жаңылбастыгы (К-де дин кызматкерлери никеге кирбөөгө, үй-бүлө, бала, чарба күтпөөгө ант беришет) ж-дөгү догмат (1870); Ыйык Мариянын айыпсыз кош бойлуу болушу ж-дө догмат (1954); Ыйык Мариянын өлгөндөн кийин кайып болуп кетиши тууралуу догмат (1950) ж. б.] кабыл алууга толук укуктуу. К. Рим папасын чиркөө башчысы гана эмес, Христостун мурасчысы, христиандардын атасы ж-а устаты деп атайт. К-де дин кызматкерлери Кудайды нан
ж-а вино (нан – Христостун денесинин, вино –
канынын символу) м-н эскерип, үстүнөн суу куюу аркылуу чокундуруу ырымы аткарылат. Католиктер латын тилинде жазылган Библияны гана мыйзамдуу (канондуу) деп эсептешип, аны башка тилдерге которууга тыюу салышкан. 1962-жылдан II Ватикан соборунун чечими м-н диний кызмат жерг. элдин тилинде жүргүзүлөт. Рим-католик чиркөөсү өз бийлигин динсиз мамлекеттерге орнотууга ж-а аларды саясий тескөөгө алууга умтулган. Ошондуктан Батыш Европанын о. кылымдардагы тарыхы Рим папаларынын чиркөөгө баш ийбеген динсиз мамлекеттерге каршы тынымсыз күрөшү м-н коштолгон. К-де зомбулук христиан динин орнотуунун, таратуунун ж-а коргоонун негизги каражаты болуп саналган. Ошол максатта католиктер тарабынан түзүлгөн аскерлештирилген уюмдар ж-а кечилдик ордендер еретиктерге каршы күрөшүп, инквизиция сотун негиздешкен. Кудайды тааныпбилүү акыл м-н илимдин жардамысыз эч мүмкүн эмес деген түшүнүк калыптанган. Азыркы К-де катуу тартипти карманган дин кызматчыларынан турган армиясы, көптөгөн монахтык ордендери, миссионердик, кайрымдуулук ж. б. диний уюмдары ж-а мекемелери, о. эле саясий партиялары, профсоюздары, жаштар ж-а аялдар бирикмелери ж. б. светтик массалык уюмдары бар. Диний идеология ж-а социалдык-саясий идеяларды таратуу үчүн радио, кино, телекөрсөтүү, басмакана ж-а католиктик окуу жайлары пайдаланылат.
Т. Өмүрова.