КАТОЛИЦИЗМ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТОЛИЦИ́ЗМ (гр. Katholikjs – жалпы, аалам­дык) – христианчылыктагы негизги агымдар­дын бири (православие ж-а протестантизм м-н катар). Батыш Европа (Италия, Испания, Пор­тугалия, Германия, Франция, Бельгия, Ирлан­дия, Австрия, Польша, Венгрия, Чехия, Сло­вакия ж. б.) ж-а Латын Америка өлкөлөрүнүн көпчүлүк калкы католицизмди тутат, ошондой эле Кубада, Бал­тика боюнда ж-а Беларуссия м-н Украинанын батыш облустарында да католиктер басымдуулук кылат. Католицизм динин туткандардын саны 1,7 млрд, анын ичинде 5 миң епископ, 400дөн ашык поп, 30 миң­ден ашык дьякон, 800 миң монахинья, 55 миң монах ж-а 100 миңдей дин семинариясы бар (2000). Католицизм 3–5-кылымдарда Рим империясынын батыш ж-а чыгыш бөлүгүндө пайда болуп, көп кылым­дар бою Батыш Европада үстөмдүк кылган.
Христиан чиркөөсү 1054–1204-жылдарда католик ж-а православие чиркөөлөрүнө бөлүнгөн. 16-кылымдарда католицизмден протестантизм ажырап чыккан. Католик чиркөөсүнүн уюштурулушу бекем борборлошту­рулгандыгы ж-а иерархиялык мүнөзү м-н айыр­маланат. Монархиялык борбору – папачылык, башчысы – Рим папасы, анын резиденциясы – Ватикан. Католицизмдин расмий философиялык доктринасы – неотомизм (Фома Аквинскийдин окуусуна не­гизделет). Диний ишеним окуусунун булагы – Ыйык жазуу (Библия) ж-а Ыйык уламыш. Ка­толик чиркөөсү православие чиркөөсүнөн айыр­маланып, догматтарды өнүктүрүү принцибин ж-а диний ырым-жырымдарды да колдойт. Бул принцип боюнча чиркөө соборлору жаңы догмат­тарды [Толед соборунда католицизмдин (Троица жөнүндөгү) «филиокве» (лат. Filiogue – уулдан дагы) дог­матында Ыйык Рухту Ата Кудай гана эмес, Уул Кудай да жараткан деп эсептейт (589); Ферраро- Флорентий соборунда «тазартуу» тууралуу дог­мат (1439); I Ватикан соборунда Рим папасы­нын жаңылбастыгы (католицизмде дин кызматкерлери никеге кирбөөгө, үй-бүлө, бала, чарба күтпөөгө ант беришет) жөнүндөгү догмат (1870); Ыйык Ма­риянын айыпсыз кош бойлуу болушу жөнүндө дог­мат (1954); Ыйык Мариянын өлгөндөн кийин кайып болуп кетиши тууралуу догмат (1950) ж. б.] кабыл алууга толук укуктуу. Католицизм Рим па­пасын чиркөө башчысы гана эмес, Христостун мурасчысы, христиандардын атасы ж-а устаты деп атайт. Католицизмде дин кызматкерлери Кудайды нан ж-а вино (нан – Христостун денесинин, вино – канынын символу) м-н эскерип, үстүнөн суу куюу аркылуу чокундуруу ырымы аткарылат. Католиктер латын тилинде жазылган Библия­ны гана мыйзамдуу (канондуу) деп эсептешип, аны башка тилдерге которууга тыюу салышкан. 1962-жылдан II Ватикан соборунун чечими м-н диний кызмат жергиликтүү элдин тилинде жүргүзүлөт. Рим-католик чиркөөсү өз бийлигин динсиз мам­лекеттерге орнотууга ж-а аларды саясий тескөөгө алууга умтулган. Ошондуктан Батыш Европа­нын орто кылымдардагы тарыхы Рим папалары­нын чиркөөгө баш ийбеген динсиз мамлекеттерге каршы тынымсыз күрөшү м-н коштолгон. Католицизмде зомбулук христиан динин орнотуунун, таратуу­нун ж-а коргоонун негизги каражаты болуп са­налган. Ошол максатта католиктер тарабынан түзүлгөн аскерлештирилген уюмдар ж-а кечил­дик ордендер еретиктерге каршы күрөшүп, инк­визиция сотун негиздешкен. Кудайды таанып ­билүү акыл м-н илимдин жардамысыз эч мүмкүн эмес деген түшүнүк калыптанган. Азыркы католицизмде катуу тартипти карманган дин кызматчылары­нан турган армиясы, көптөгөн монахтык орден­дери, миссионердик, кайрымдуулук ж. б. диний уюмдары ж-а мекемелери, ошондой эле саясий партия­лары, профсоюздары, жаштар ж-а аялдар би­рикмелери ж. б. светтик массалык уюмдары бар. Диний идеология ж-а социалдык-саясий идея­ларды таратуу үчүн радио, кино, телекөрсөтүү, басмакана ж-а католиктик окуу жайлары пай­даланылат.

Т. Өмүрова.