КАТМАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТМАР г е о л о г и я д а – ар кандай курам­дагы, түрдүү түзүлүштөгү тектердин бир нече ка­баттан турган жыйындысы. Ар бир кабаты ли­тол. курамы м-н мүнөздөлөт. Чөкмө, жанартоо, метаморфизмделген тектердин ар бири өз алдын­ча же аралаш орун алат. Фациялык, литол., палеонтол. өзгөчөлүктөрү м-н айырмаланат. Геол. жашы, калыңдыгы ар кандай. Чек ара­лары стратигр. шкалага (жалпы ж-а жерг.) туу­ра келбейт. Геол. практикада тоо тектерине тие­шелүү ат колдонулат.