КАТМАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАТМАР г е о л о г и я д а – ар кандай курам­дагы, түрдүү түзүлүштөгү тектердин бир нече ка­баттан турган жыйындысы. Ар бир кабаты ли­толиялык курамы м-н мүнөздөлөт. Чөкмө, жанартоо, метаморфизмделген тектердин ар бири өз алдын­ча же аралаш орун алат. Фациялык, литологиялык, палеонтологиялык өзгөчөлүктөрү м-н айырмаланат. Геологиялык жашы, калыңдыгы ар кандай. Чек ара­лары стратигр. шкалага (жалпы ж-а жергиликтүү) туу­ра келбейт. Геологиялык практикада тоо тектерине тие­шелүү ат колдонулат.