КАТАРСИС

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́ТАРСИС (гр. katharsis – тазартуу) – байыр­кы грек эстетикасында иск-вонун адамга тааси­рин мүнөздөгөн түшүнүк. «К.» термини гректер­де диний– этикалык– физиол. ж-а мед. мааниде колдонулган. Трагедияга аныктама берип («Поэ­тика»)– Аристотель боорукерлик ж-а коркунуч сезими аффекттерди тазартарын белгилеген. «Cаясатта» музыка да адамга таасир тийгизип– аны «тазартат– б. а. ырахаттандырат ж-а жеңил­детет» деген. К-ке арналган ад-ттарда анын ма­ңызы ж-дө бирдей пикир жок. З. Фрейддин окууларында «К.» термини психотерапиялык методдордун бирин белгилөө үчүн колдонулат.