КАТАРСИС
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КА́ТАРСИС (грекче katharsis – тазартуу) – байыркы грек эстетикасында искусствонун адамга таасирин мүнөздөгөн түшүнүк. «Катарсис» термини гректерде диний, этикалык, физиологиялык жана медициналык мааниде колдонулган. Трагедияга аныктама берип («Поэтика»), Аристотель боорукерлик жана коркунуч сезими аффекттерди тазартарын белгилеген. «Cаясатта» музыка да адамга таасир тийгизип, аны «тазартат, башкача айтканда ырахаттандырат жана жеңилдетет» деген. Катарсиске арналган адабияттарда анын маңызы жөнүндө бирдей пикир жок. З. Фрейддин окууларында «Катарсис» термини психотерапиялык методдордун бирин белгилөө үчүн колдонулат.