КАТАРСИС
КА́ТАРСИС (гр. katharsis – тазартуу) – байыркы грек эстетикасында иск-вонун адамга таасирин мүнөздөгөн түшүнүк. «К.» термини гректерде диний– этикалык– физиол. ж-а мед. мааниде колдонулган. Трагедияга аныктама берип («Поэтика»)– Аристотель боорукерлик ж-а коркунуч сезими аффекттерди тазартарын белгилеген. «Cаясатта» музыка да адамга таасир тийгизип– аны «тазартат– б. а. ырахаттандырат ж-а жеңилдетет» деген. К-ке арналган ад-ттарда анын маңызы ж-дө бирдей пикир жок. З. Фрейддин окууларында «К.» термини психотерапиялык методдордун бирин белгилөө үчүн колдонулат.