КАТАНОВ
КАТА́НОВ Николай Фёдорович [6 (18). 5. 1862, Хакасия, Минуса уезди, Турахов улусу, Изюм кыш. – 9. 3. 1922, Казан] – чыгыш таануучу ж-а этнограф, фольклорчу, хакас окумуштуусу. 1888-ж. Петербург ун-тинин чыгыш таануу ф-тин бүтүргөн. Казан ун-тинин ж-а Россия коомдук ИАнын проф. (1893). Европа тилдеринде эркин сүйлөп, чыгыш, байыркы ж-а өлгөн тилдерди да билген. Байыркы түрк, рун, шумер, шынаа жазууларын, египет, кытай иероглифтерин, санскрит, араб тамгаларын, байыркы уйгур, арамей графикаларын окуй алган. Сүрөт тартуу, карта түзүүнү да мыкты өздөштүргөн. Археология, тарых, этнография, тил таануу, ад-т тармактары б-ча 380ден ашуун эмгектин автору.
Эмг.: Избранные труды о Хакасии и сопредельных территориях. Абакан, 2004.
Ад.: Кокова И. Ф. Катанов. Абакан, 1993. Наследие Н. Ф. Катанова. История и культура тюркских народов Евразии. Казань. 2006.