КАРЫЗ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРЫЗ – мурда түзүлгөн келишимге ылайык бир жеке адам же юрид. жак башка жеке адам­дарга же юрид. жактарга берүүчү акча же баш­ка активдердин белгилүү бир суммасы. К. эгер бир жылдан ашык убакытта кайтарылбаса– узак мөөнөттүү болуп саналат. Карыздакордун төлөө­гө жөндөмсүздүгүнөн улам жабууга мүмкүн болбо­со– К. кайтарымсыз болушу мүмкүн. Жеке адам­дардын К-ына күрөөлүк– бөлүп төлөнмө кредит– банк ссудалары ж-а овердрафт кирет. Мамле­кеттик карыз узак мөөнөттүү облигациялар ж-а кыска мөөнөттүү казыналык векселдер тү­рүндө болушу мүмкүн.