КАРЫЗ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРЫЗ – мурда түзүлгөн келишимге ылайык бир жеке адам же юридикалык жак башка жеке адамдарга же юридикалык жактарга берүүчү акча же башка активдердин белгилүү бир суммасы. Карыз эгер бир жылдан ашык убакытта кайтарылбаса, узак мөөнөттүү болуп саналат. Карыздакордун төлөөгө жөндөмсүздүгүнөн улам жабууга мүмкүн болбосо, карыз кайтарымсыз болушу мүмкүн. Жеке адамдардын карызына күрөөлүк, бөлүп төлөнмө кредит, банк ссудалары ж-а овердрафт кирет. Мамлекеттик карыз узак мөөнөттүү облигациялар ж-а кыска мөөнөттүү казыналык векселдер түрүндө болушу мүмкүн.