КАРЬЕР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРЬЕ́Р (фр. сarrtre – таш чагылуучу жай) – ар кандай кенди жер үстүнөн ачык казып алуучу тоо-кен ө. ж-нын ишканасы; кен казып алы­нуучу жер. Таш казылып алынган алгачкы ири К-лер Байыркы Египетте (пирамида ж-а храм комплекстерин курууда) пайда болгон. Кийин­черээк, антикалык доордо мрамор К-де казылып турган. 2000-ж. курулуш материалдардын 95%и, темир кенташынын 90%и, күрөң ж-а таш кө­мүрдүн 65%тейи К-ден казылып алынган. Азыр­кы учурда К. – өндүрүштүк машиналар жабдыл­ган, жогорку деңгээлде механикалаштырылган ишкана (уратуу, жүктөө, ташуу ж-а түшүрүү ж. б.). К-де жардырууну колдонгон ж-а жарыл­гыч заттарсыз иштеген – карьер комбайндары ж. б. түрлөрү кеңири колдонулууда. Жардыруу үчүн жанында даярдалган көбүнчө тротилсиз жардыргыч заттар колдонулат. Ал эми жарды­руу иштери кыйын болгон жерлерде заводдо даярдалган майда тротил жарылгыч заттары пайдаланылат. К. бир нече тектирден ж-а тек­тирчелерден туруп, блокторго бөлүнөт. Үстүнөн төмөн карай иштетилет. К-дин өндүрүмдүүлүгү өтө зор. Суткасына 10 миңдеген т дан көмүр ка­зып алууга болот. Кээде көмүр 350–500 м терең­диктен казылат. Тоо тектерди, кенташтарды, көмүрдү ж. б. жардырган кезде, ичтен от алуу­чу механизмдер иштегенде, газдардын бөлүнүп


Кум-Төр карьериндеги иш процесси.

чыгышынан, талкаланган тектер м-н кенташ­тардын урашынан зор көлөмдөгү зыяндуу газ­дар ж-а чаңдар бөлүнүп чыгып, К-дин атм-сын булгайт. Аба м-н аралашып, анда иштеп жат­кан жумушчулардын ден соолугуна чоң зыян келтирет. Мындай булганган атм-ны тазалоо үчүн К-ди тынымсыз желдетип туруу зарыл. Табигый ж-а жасалма жол м-н ж е л д е т ү ү иштери жүргүзүлөт. Табигый желдетүүдө ылдам­дыгы 2–4 м/секга жеткен жерг. шамал же тер­миялык ыкма колдонулат. Термиялык ыкмада жыл у у аб а жең ил бол гонду к тан, жогору көтөрүлүп, муздак аба төмөн түшөт. Натыйжа­да аба алмашат. Табигый желдетүүдө тереңдиги 200 мге жеткен К-дин булганган абасын тазар­тууга болот. Андан терең болсо жасалма жел­детүү талап кылынат. Анда атайын желдеткич­тер колдонулат. Бир эле К. м-н иштетилүүчү кен тулкусу, көмүр катмары к а р ь е р т а л а а­с ы деп аталат. Талаанын уз. жүздөгөн мден 2– 4 кмге жетет. Туурасы көмүр катмарынын жан­таюу бурчу м-н тереңдигине көз каранды. Талаа­нын үстүнкү бети К-дин капталдары м-н чекте­лет. Асты анын таманы болуп саналат. Талаа­га геол. планда көрсөтүлгөн кен тулкусу, анын ачык түрдө үнөмдүү казылып алынуучу өлчөмү кирет. Түз, тегиз, бир аз жантайыңкы орун ал­ган көмүр катмарын казып алуу иши талаанын аянтына, жүргүзүлүп жаткан иштин темпине, механизмдердин тездигине, жүктөп ташуу про­цесстерине көз каранды. Аянты 10–40 км2ге жет­кен К. талаасындагы кен тулкусу 2–10 млрд м3ге барабар келет.
К-де кен байлыктарды ачык казып алууда, ташууда к а р ь е р т р а н с п о р т у н у н мааниси зор. Негизги жүк – кенташ, көмүр, тоо тектер. Буларды кен казып алып жаткан жер­ден жүктөп, кен ылгоо ф-касына, кен талкалоо­чу цехтерге, кен топтоочу пункттарга же таш­тандыга жеткирүү керек. Жылына млндогон т жүк ташылат. Бул процесс бардык тех. иштер­ди камтып, көп каражат жумшалат. Транспорт өз ичинен үзгүлтүктүү ж-а үзгүлтүксүз эки топко бөлүнөт. Ү з г ү л т ү к т ү ү транспортко т. ж., автомобиль, жүк көтөргүчтөр, крандар кирет. Конвейер, асма жол, гравитация, транспортёр, жүктөгүч машиналар, таштанды топтогучтар ү з г ү л т ү к с ү з транспортко кирет. Айрым учурда комбинацияланган транспорттор да кол­донулат. Казуучу, ташуучу механизмдер (скре­перлер, жүктөгүчтөр, бульдозерлер) да иштейт. Жумшак, жеңил казылуучу кендер конвейер м-н үзгүлтүксүз ташылат.
А в т о т р а н с п о р т т о р (өзү төккүч автомобилдер) комплекстүү тех. процесс болуп саналат. Ар кандай жабдуулар, приборлор, ас­паптар ташылат. Жүк көтөрүү кубаттуулукта­ры 27 т дан ашкан өзү төккүч автомобилдер колдонулат. К-де казылган кендерди, тоо тек­терин өзү кыймыл-аракетке келүүчү механизм­дер – ж ү к т ө г ү ч т ө р сузат, көтөрөт, жүктөйт. Тоо тектерин таштандыга төгөт. Дөңгөлөктүү, т. ж-дуу, каз тамандуу жүктөгүч­төрдөн турат. Электрдик ж-а автожүктөгүчтөр да колдонулат. Жер казат, дүмүр оодарат, жол салат, токой кыят. Туруктуу аракеттегилери мех., электр-мех. же электр-гидравликалык ту­таштыруу аркылуу ишке киргизилет.
К-де казылган кенташтарды, тоо тектерди бир жерден экинчи жерге ташууда автоматтык жүк түшүрүүчү, ө з ү ж ү к т ү о о д а р у у ч у автомобилдер пайдаланылат. Анын негизги бөлүктөрүнө кыймылдаткыч, шасси, кузов ки­рет. Мында гидромех., электр-мех. трансмиссия­лар (мотор, редуктор, дөңгөлөк) колдонулат. Жүк артка оодарылып төгүлөт. Жүк көтөргүч­түгү, кубаттуулугу, дөңгөлөктөрүнүн формасы, кузовунун чоңдугу б-ча бир топ түрдөн ту­рат. Мис., МАЗ-525 (25 т), БелАЗ-548 (40 т), БелАЗ-549 (75 т) ж. б.


Ад.: Трубецкой К. Н., Красноянский Г. Л., Хро­нин В. В. Проектирование карьеров. Т. 1–2. М., 2001.

Ш. Мамбетов.