КАРЬЕР
КАРЬЕ́Р (фр. сarrtre – таш чагылуучу жай) – ар кандай кенди жер үстүнөн ачык казып алуучу тоо-кен өнөр жайынын ишканасы; кен казып алынуучу жер. Таш казылып алынган алгачкы ири карьерлер Байыркы Египетте (пирамида ж-а храм комплекстерин курууда) пайда болгон. Кийинчерээк, антикалык доордо мрамор карьерде казылып турган. 2000-жылы курулуш материалдардын 95%и, темир кенташынын 90%и, күрөң ж-а таш көмүрдүн 65%тейи карьерден казылып алынган. Азыркы учурда карьер – өндүрүштүк машиналар жабдылган, жогорку деңгээлде механикалаштырылган ишкана (уратуу, жүктөө, ташуу ж-а түшүрүү ж. б.). Карьерде жардырууну колдонгон ж-а жарылгыч заттарсыз иштеген – карьер комбайндары ж. б. түрлөрү кеңири колдонулууда. Жардыруу үчүн жанында даярдалган көбүнчө тротилсиз жардыргыч заттар колдонулат. Ал эми жардыруу иштери кыйын болгон жерлерде заводдо даярдалган майда тротил жарылгыч заттары пайдаланылат. Карьер бир нече тектирден ж-а тектирчелерден туруп, блокторго бөлүнөт. Үстүнөн төмөн карай иштетилет. Карьердин өндүрүмдүүлүгү өтө зор. Суткасына 10 миңдеген т дан көмүр казып алууга болот. Кээде көмүр 350–500 м тереңдиктен казылат. Тоо тектерди, кенташтарды, көмүрдү ж. б. жардырган кезде, ичтен от алуучу механизмдер иштегенде, газдардын бөлүнүп

чыгышынан, талкаланган тектер м-н кенташтардын урашынан зор көлөмдөгү зыяндуу газдар ж-а чаңдар бөлүнүп чыгып, карьердин атмосферасын булгайт. Аба м-н аралашып, анда иштеп жаткан жумушчулардын ден соолугуна чоң зыян келтирет. Мындай булганган атмосфераны тазалоо үчүн карьерди тынымсыз желдетип туруу зарыл. Табигый ж-а жасалма жол м-н ж е л д е т ү ү иштери жүргүзүлөт. Табигый желдетүүдө ылдамдыгы 2–4 м/секга жеткен жергиликтүү шамал же термиялык ыкма колдонулат. Термиялык ыкмада жылуу аба жеңил болгондук тан, жогору көтөрүлүп, муздак аба төмөн түшөт. Натыйжада аба алмашат. Табигый желдетүүдө тереңдиги 200 мге жеткен карьердин булганган абасын тазартууга болот. Андан терең болсо жасалма желдетүү талап кылынат. Анда атайын желдеткичтер колдонулат. Бир эле карьер м-н иштетилүүчү кен тулкусу, көмүр катмары к а р ь е р т а л а ас ы деп аталат. Талаанын узундугу жүздөгөн мден 2–4 кмге жетет. Туурасы көмүр катмарынын жантаюу бурчу м-н тереңдигине көз каранды. Талаанын үстүнкү бети карьердин капталдары м-н чектелет. Асты анын таманы болуп саналат. Талаага геологиялык планда көрсөтүлгөн кен тулкусу, анын ачык түрдө үнөмдүү казылып алынуучу өлчөмү кирет. Түз, тегиз, бир аз жантайыңкы орун алган көмүр катмарын казып алуу иши талаанын аянтына, жүргүзүлүп жаткан иштин темпине, механизмдердин тездигине, жүктөп ташуу процесстерине көз каранды. Аянты 10–40 км2ге жеткен карьер талаасындагы кен тулкусу 2–10 млрд м3ге барабар келет.
Карьерде кен байлыктарды ачык казып алууда, ташууда к а р ь е р т р а н с п о р т у н у н мааниси зор. Негизги жүк – кенташ, көмүр, тоотектер. Буларды кен казып алып жаткан жерден жүктөп, кен ылгоо фабрикасына, кен талкалоочу цехтерге, кен топтоочу пункттарга же таштандыга жеткирүү керек. Жылына млндогон т жүк ташылат. Бул процесс бардык техникалык иштерди камтып, көп каражат жумшалат. Транспорт өз ичинен үзгүлтүктүү ж-а үзгүлтүксүз эки топко бөлүнөт. Ү з г ү л т ү к т ү ү транспортко темир жол, автомобиль, жүк көтөргүчтөр, крандар кирет. Конвейер, асма жол, гравитация, транспортёр, жүктөгүч машиналар, таштанды топтогучтар ү з г ү л т ү к с ү з транспортко кирет. Айрым учурда комбинацияланган транспорттор да колдонулат. Казуучу, ташуучу механизмдер (скреперлер, жүктөгүчтөр, бульдозерлер) да иштейт. Жумшак, жеңил казылуучу кендер конвейер м-н үзгүлтүксүз ташылат.
А в т о т р а н с п о р т т о р (өзү төккүч автомобилдер) комплекстүү техникалык процесс болуп саналат. Ар кандай жабдуулар, приборлор, аспаптар ташылат. Жүк көтөрүү кубаттуулуктары 27 т дан ашкан өзү төккүч автомобилдер колдонулат. Карьерде казылган кендерди, тоо тектерин өзү кыймыл-аракетке келүүчү механизмдер – ж ү к т ө г ү ч т ө р сузат, көтөрөт, жүктөйт. Тоо тектерин таштандыга төгөт. Дөңгөлөктүү, темир жолдуу, каз тамандуу жүктөгүчтөрдөн турат. Электрдик ж-а автожүктөгүчтөр да колдонулат. Жер казат, дүмүр оодарат, жол салат, токой кыят. Туруктуу аракеттегилери механикалык, электр-механикалык же электр-гидравликалык туташтыруу аркылуу ишке киргизилет.
Карьерде казылган кенташтарды, тоо тектерди бир жерден экинчи жерге ташууда автоматтык жүк түшүрүүчү, ө з ү ж ү к т ү о о д а р у у ч у автомобилдер пайдаланылат. Анын негизги бөлүктөрүнө кыймылдаткыч, шасси, кузов кирет. Мында гидромеханикалык, электр-механикалык трансмиссиялар (мотор, редуктор, дөңгөлөк) колдонулат. Жүк артка оодарылып төгүлөт. Жүк көтөргүчтүгү, кубаттуулугу, дөңгөлөктөрүнүн формасы, кузовунун чоңдугу боюнча бир топ түрдөн турат. Мисалы, МАЗ-525 (25 т), БелАЗ-548 (40 т), БелАЗ-549 (75 т) ж. б.
Ад.: Трубецкой К. Н., Красноянский Г. Л., Хронин В. В. Проектирование карьеров. Т. 1–2. М., 2001.
Ш. Мамбетов.