КАРЬЕР
КАРЬЕ́Р (фр. сarrtre – таш чагылуучу жай) – ар кандай кенди жер үстүнөн ачык казып алуучу тоо-кен ө. ж-нын ишканасы; кен казып алынуучу жер. Таш казылып алынган алгачкы ири К-лер Байыркы Египетте (пирамида ж-а храм комплекстерин курууда) пайда болгон. Кийинчерээк, антикалык доордо мрамор К-де казылып турган. 2000-ж. курулуш материалдардын 95%и, темир кенташынын 90%и, күрөң ж-а таш көмүрдүн 65%тейи К-ден казылып алынган. Азыркы учурда К. – өндүрүштүк машиналар жабдылган, жогорку деңгээлде механикалаштырылган ишкана (уратуу, жүктөө, ташуу ж-а түшүрүү ж. б.). К-де жардырууну колдонгон ж-а жарылгыч заттарсыз иштеген – карьер комбайндары ж. б. түрлөрү кеңири колдонулууда. Жардыруу үчүн жанында даярдалган көбүнчө тротилсиз жардыргыч заттар колдонулат. Ал эми жардыруу иштери кыйын болгон жерлерде заводдо даярдалган майда тротил жарылгыч заттары пайдаланылат. К. бир нече тектирден ж-а тектирчелерден туруп, блокторго бөлүнөт. Үстүнөн төмөн карай иштетилет. К-дин өндүрүмдүүлүгү өтө зор. Суткасына 10 миңдеген т дан көмүр казып алууга болот. Кээде көмүр 350–500 м тереңдиктен казылат. Тоо тектерди, кенташтарды, көмүрдү ж. б. жардырган кезде, ичтен от алуучу механизмдер иштегенде, газдардын бөлүнүп

чыгышынан, талкаланган тектер м-н кенташтардын урашынан зор көлөмдөгү зыяндуу газдар ж-а чаңдар бөлүнүп чыгып, К-дин атм-сын булгайт. Аба м-н аралашып, анда иштеп жаткан жумушчулардын ден соолугуна чоң зыян келтирет. Мындай булганган атм-ны тазалоо
үчүн К-ди тынымсыз желдетип туруу зарыл. Табигый ж-а жасалма жол м-н ж е л д е т ү ү иштери жүргүзүлөт. Табигый желдетүүдө ылдамдыгы 2–4 м/секга жеткен жерг. шамал же термиялык ыкма колдонулат. Термиялык ыкмада жыл у у аб а жең ил бол гонду к тан, жогору көтөрүлүп, муздак аба төмөн түшөт. Натыйжада аба алмашат. Табигый желдетүүдө тереңдиги 200 мге жеткен К-дин булганган абасын тазартууга болот. Андан терең болсо жасалма желдетүү талап кылынат. Анда атайын желдеткичтер колдонулат. Бир эле К. м-н иштетилүүчү кен тулкусу, көмүр катмары к а р ь е р т а л а ас ы деп аталат. Талаанын уз. жүздөгөн мден 2–
4 кмге жетет. Туурасы көмүр катмарынын жантаюу бурчу м-н тереңдигине көз каранды. Талаанын үстүнкү бети К-дин капталдары м-н чектелет. Асты анын таманы болуп саналат. Талаага геол. планда көрсөтүлгөн кен тулкусу, анын ачык түрдө үнөмдүү казылып алынуучу өлчөмү кирет. Түз, тегиз, бир аз жантайыңкы орун алган көмүр катмарын казып алуу иши талаанын аянтына, жүргүзүлүп жаткан иштин темпине, механизмдердин тездигине, жүктөп ташуу процесстерине көз каранды. Аянты 10–40 км2ге жеткен К. талаасындагы кен тулкусу 2–10 млрд м3ге
барабар келет.
К-де кен байлыктарды ачык казып алууда, ташууда к а р ь е р т р а н с п о р т у н у н
мааниси зор. Негизги жүк – кенташ, көмүр, тоо
тектер. Буларды кен казып алып жаткан жерден жүктөп, кен ылгоо ф-касына, кен талкалоочу цехтерге, кен топтоочу пункттарга же таштандыга жеткирүү керек. Жылына млндогон т жүк ташылат. Бул процесс бардык тех. иштерди камтып, көп каражат жумшалат. Транспорт
өз ичинен үзгүлтүктүү ж-а үзгүлтүксүз эки топко бөлүнөт. Ү з г ү л т ү к т ү ү транспортко т. ж.,
автомобиль, жүк көтөргүчтөр, крандар кирет. Конвейер, асма жол, гравитация, транспортёр, жүктөгүч машиналар, таштанды топтогучтар
ү з г ү л т ү к с ү з транспортко кирет. Айрым
учурда комбинацияланган транспорттор да колдонулат. Казуучу, ташуучу механизмдер (скреперлер, жүктөгүчтөр, бульдозерлер) да иштейт. Жумшак, жеңил казылуучу кендер конвейер м-н үзгүлтүксүз ташылат.
А в т о т р а н с п о р т т о р (өзү төккүч
автомобилдер) комплекстүү тех. процесс болуп саналат. Ар кандай жабдуулар, приборлор, аспаптар ташылат. Жүк көтөрүү кубаттуулуктары 27 т дан ашкан өзү төккүч автомобилдер колдонулат. К-де казылган кендерди, тоо тектерин өзү кыймыл-аракетке келүүчү механизмдер – ж ү к т ө г ү ч т ө р сузат, көтөрөт,
жүктөйт. Тоо тектерин таштандыга төгөт. Дөңгөлөктүү, т. ж-дуу, каз тамандуу жүктөгүчтөрдөн турат. Электрдик ж-а автожүктөгүчтөр да колдонулат. Жер казат, дүмүр оодарат, жол салат, токой кыят. Туруктуу аракеттегилери мех., электр-мех. же электр-гидравликалык туташтыруу аркылуу ишке киргизилет.
К-де казылган кенташтарды, тоо тектерди бир жерден экинчи жерге ташууда автоматтык жүк түшүрүүчү, ө з ү ж ү к т ү о о д а р у у ч у автомобилдер пайдаланылат. Анын негизги бөлүктөрүнө кыймылдаткыч, шасси, кузов кирет. Мында гидромех., электр-мех. трансмиссиялар (мотор, редуктор, дөңгөлөк) колдонулат. Жүк артка оодарылып төгүлөт. Жүк көтөргүчтүгү, кубаттуулугу, дөңгөлөктөрүнүн формасы, кузовунун чоңдугу б-ча бир топ түрдөн турат. Мис., МАЗ-525 (25 т), БелАЗ-548 (40 т), БелАЗ-549 (75 т) ж. б.
Ад.: Трубецкой К. Н., Красноянский Г. Л., Хронин В. В. Проектирование карьеров. Т. 1–2. М., 2001.
Ш. Мамбетов.