КАРШЫЛЫК ЗАКОНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРШЫЛЫК ЗАКОНУ (логикада) – формалдуу логиканын негизги закондорунун бири. Ал б-ча бир эле мезгилде бири бирин тануучу (жокко чыгаруучу) эки ой-пикир тең чындык боло ал­байт. К. з-н биринчи Аристотель ачкан. Бул за­конду сүйлөм бир эле мезгилде чын ж-а калп боло албайт деп ырастоого болот. Ой жүгүртүүдө ж-а ил. теорияларда формалдуу карама-каршы­лыкты колдонуу зыяндуу. К. з. объектинин са­патынын ойдо чагылышы болуп эсептелет. Ант­кени объект бир эле мезгилде бири бирин тан-


ган касиеттерге (мис., үй бир эле мезгилде би­йик да, жапыз да боло албайт) ээ эмес.