КАРШЫЛЫК ЗАКОНУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРШЫЛЫК ЗАКОНУ (логикада) – формалдуу логиканын негизги закондорунун бири. Ал боюнча бир эле мезгилде бири бирин тануучу (жокко чыгаруучу) эки ой-пикир тең чындык боло ал­байт. Каршылык законун биринчи Аристотель ачкан. Бул за­конду сүйлөм бир эле мезгилде чын ж-а калп боло албайт деп ырастоого болот. Ой жүгүртүүдө ж-а илимий теорияларда формалдуу карама-каршы­лыкты колдонуу зыяндуу. Каршылык закону объектинин са­патынын ойдо чагылышы болуп эсептелет. Ант­кени объект бир эле мезгилде бири бирин танган касиеттерге (мисалы, үй бир эле мезгилде би­йик да, жапыз да боло албайт) ээ эмес.