КАРШЫЛЫК ЗАКОНУ
КАРШЫЛЫК ЗАКОНУ (логикада) – формалдуу логиканын негизги закондорунун бири. Ал б-ча бир эле мезгилде бири бирин тануучу (жокко чыгаруучу) эки ой-пикир тең чындык боло албайт. К. з-н биринчи Аристотель ачкан. Бул законду сүйлөм бир эле мезгилде чын ж-а калп боло албайт деп ырастоого болот. Ой жүгүртүүдө ж-а ил. теорияларда формалдуу карама-каршылыкты колдонуу зыяндуу. К. з. объектинин сапатынын ойдо чагылышы болуп эсептелет. Анткени объект бир эле мезгилде бири бирин тан-
ган касиеттерге (мис., үй бир эле мезгилде бийик да, жапыз да боло албайт) ээ эмес.