КАРШИ ТАЛААСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРШИ́ ТАЛААСЫ – О. Азиянынын түштү­гүндөгү (Өзбек Респ-ндагы) күдүрлүү түздүк, Каш­ка-Дарыя обл-нда. Чыгышынан Заравшан ж-а Ысар кырка тоолорунун этектери, батышынан Сандык кумдуу чөлү м-н чектешет. Бийикт. 600 мге чейин. Климаты кургак, жылдык жаан­чачыны 200–400 мм. Кашка-Дарыя ж-а Карши сугат каналы м-н сугарылат. Шыбак-баялыш­туу өсүмдүктөр басымдуу. Дан эгиндер, пахта эгилет. Чыгыш бөлүгүндө Карши ш. жай­гашкан.