КАРШИ ТАЛААСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КАРШИ́ ТАЛААСЫ – Орто Азиянынын түштүгүндөгү (Өзбек Республикасындагы) күдүрлүү түздүк, Кашка-Дарыя облусунда. Чыгышынан Заравшан ж-а Ысар кырка тоолорунун этектери, батышынан Сандык кумдуу чөлү м-н чектешет. Бийиктиги 600 мге чейин. Климаты кургак, жылдык жаан-чачыны 200–400 мм. Кашка-Дарыя ж-а Карши сугат каналы м-н сугарылат. Шыбак-баялыштуу өсүмдүктөр басымдуу. Дан эгиндер, пахта эгилет. Чыгыш бөлүгүндө Карши шаары жайгашкан.