КАРУЗО
КАРУ́ЗО Энрико [25. 2. 1873, Неаполь – 2. 8. 1921, ошол эле жер] – итал. ырчы (тенор). Алгач «Нуово» театрында опера ырчысы катары өнөрүн көрсөтүп, 1895–98-ж. Италиянын көптө-

гөн шаарларында, 1900–01-ж. Миландын «Ла- Скала» театрында ырдаган. 1903–20-ж. Нью- Йорктун «Метрополитен-опера» театрынын солисти. 1898-жылдан дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө (Россияда – 1898, 1900) гастролдо болгон, Италияга жыл сайын барып турган. К. дүйнөдөгү даңазалуу опералык ырчылардын бири катары мыкты партияларды [Герцог, Манрико, Радамес (Ж. Верди «Риголетто», «Трубадур», «Аида»), Фауст (А. Бойто «Мефистофель»), Рудольф, Каварадосси, де Грие (Ж. Пуччини «Богема», «Тоска», «Манон Леско»), Хозе (Ж. Бизе «Кармен») ж. б.] аткарган. Неаполитан ырларын да өзгөчө берилүү м-н ырдаган. К. фортепьянодо, гитарада, флейтада, трубада ойногон, таланттуу карикатурист да болгон.