КАРУЗО

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРУ́ЗО Энрико [25. 2. 1873, Неаполь – 2. 8. 1921, ошол эле жер] – италян ырчы (тенор). Ал­гач «Нуово» театрында опера ырчысы катары өнөрүн көрсөтүп, 1895–1898-жылдары Италиянын көптөгөн шаарларында, 1900–1901-жылдары Миландын «Ла-Скала» театрында ырдаган.

Э. Карузо Манрико­нун партиясында. Ж. Верди, «Труба­дур».

1903–1920-жылдары Нью-Йорктун «Метрополитен-опера» театрынын со­листи. 1898-жылдан дүйнөнүн көп өлкөлөрүндө (Россияда – 1898, 1900) гастролдо болгон, Ита­лияга жыл сайын барып турган. Карузо дүйнөдөгү даңазалуу опералык ырчылардын бири катары мыкты партияларды [Герцог, Манрико, Рада­мес (Ж. Верди «Риголетто», «Трубадур», «Аида»), Фауст (А. Бойто «Мефистофель»), Рудольф, Ка­варадосси, де Грие (Ж. Пуччини «Богема», «Тос­ка», «Манон Леско»), Хозе (Ж. Бизе «Кармен») жана башкалар] аткарган. Неаполитан ырларын да өзгөчө берилүү менен ырдаган. Карузо фортепьянодо, гитара­да, флейтада, трубада ойногон, таланттуу карикатурист да болгон.