КАРТЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
16:00, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРТЫК – кыргыз табыптарынын аспабы. Уй­дун же топоздун мүйүзүнүн учунан жасалган. Таарылып алынган мүйүздүн көңдөйү тазаланып, ичке учу дагы таарылып, тегизделип ж-а жыл­маланып, көзөнөгү тазаланган. К. суук тийген


(жел турган) жерге оңко (мед. айнек банка) сы­яктуу коюлган; ооруган жерге К-тын жоон учун коюп, ичке учунан абаны сордуруу жолу м-н дөмпөйтүп, устара м-н чегип кан алуу үчүн да колдонулган.