КАРТЫК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРТЫК – кыргыз табыптарынын аспабы. Уй­дун же топоздун мүйүзүнүн учунан жасалган. Таарылып алынган мүйүздүн көңдөйү тазаланып, ичке учу дагы таарылып, тегизделип жана жыл­маланып, көзөнөгү тазаланган. Картык суук тийген (жел турган) жерге оңко (медициналык айнек банка) сы­яктуу коюлган; ооруган жерге картыктын жоон учун коюп, ичке учунан абаны сордуруу жолу менен дөмпөйтүп, устара менен чегип кан алуу үчүн да колдонулган.