КАРТРИЖ ДИСК
КА́РТРИЖ ДИСК (англ. cartridges – картридж) – компьютерден ажыратууга мүмкүн болгон катуу дисктин кээ бир тейлегичи. К. д. катуу диск сыяктуу сактоо көлөмү чоң ж-а тез жетүүнү камсыз кылат. Ошону м-н катар флоппи диск сыяктуу портативдүү өндүрүмдүүлүгү жогору болгон К. д-тери бир гигабайттан ашык берилишти сактай алат ж-а чоң файлды транспорттоо же маанилүү файлдын көчүрмөсүн сактоодо колдонулат. Иштин аягында К. д-ти алып койсо болот.