КАРТРИЖ ДИСК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КА́РТРИЖ ДИСК (англ. cartridges – картридж) – компьютерден ажыратууга мүмкүн болгон ка­туу дисктин кээ бир тейлегичи. Картриж диск катуу диск сыяктуу сактоо көлөмү чоң ж-а тез жетүүнү камсыз кылат. Ошону менен катар флоппи диск сыяктуу портативдүү өндүрүмдүүлүгү жогору бол­гон картриж дисктери бир гигабайттан ашык берилиш­ти сактай алат ж-а чоң файлды транспорттоо же маанилүү файлдын көчүрмөсүн сактоодо кол­донулат. Иштин аягында картриж дискти алып койсо болот.