КАРТӨШКӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРТӨШКӨ (нем. Kartoffel) – ит жүзүмдөр ту­кумундагы түймөк тамырлуу өсүмдүк. Негизи­нен Түш., Борб. Америкада өсүүчү 150дөй жа­пайы ж-а эгилме 2 түрү (анд ж-а чили) белгилүү.
К.– байыркы өсүмдүк. К-нүн мекени – Түш. Аме­рика. Андан 16-к-да Европага, 18-к-да Россияга таралган. Жалбырагы жөнөкөй, 5 тилкелүү, чоң ж-а майда жалбырактары сабагына кезектешип,

жупсуз куш кана­ты сымал жайга­шат. Гүлү ак, көк, көгүш же кызгылт

түстө. Топ гүлү – бурулча. Мөмөсү эки уя л у у, кө п үрөндүү жемиш.
К-нүн түймөгүнүн чоңдугу ж-а фор­масы ар түрдүү, сырты ак, кызыл, сары, кызгылт, көк, ичи ак болот. К. вегетациялык жол (түймөгүнөн) м-н, о. эле уругу­нан (селекция үчүн) өстүрүлөт. К-нүн вегетация мезгили түрүнө ж-а сортуна жараша 70–140 күн. Үрөнү жер кыр­тышынын жылуулугу 5–8°Сге жеткенде өнүп чыгат, аба ырайы салкын болсо, жакшы өсүп, 16–22°С темп-рада гүлдөйт. Жаңы өнүп чыккан, о. эле өсүп жетиле элек жаш сабагы –2°С суук­та үшүп кетет. К. гүлдөп, түп ала баштаганда суу, сиңимдүү заттар көп керектелет. Бир га жер­ден 200–259 ц түшүм алыш үчүн ал аянтка 100– 175 кг азот, 40–50 кг фосфор, 140–230 кг калий жер семирткичи берилет. К-дө 76,3% суу, 23,7% кургак зат, а. и. 17,5% крахмал, 0,5% кант, 1– 2% белок, 1%че туз, С, В,, В2, В6, РР, К вита­миндери ж-а каротиноид бар. Андан 100дөн ашык ар кандай тамак-аш жасалат. К. топу­рактагы темп-ра 6–8°С болгондо тигилет. Кеч тигилген К-нүн түшүмү, крахмалы аз болуп ка­лат. Отургузуш үчүн орточо чондуктагы (салм. 50–80 г) К. тандалып алынат. К-нү отургузуу, түптөө ж-а казуу үчүн атайын машиналар бар. К. тиккич машина бир эле мезгилде жер семирт­кич чачып, үрөндүк картөшкөнү көмөт. Ал үрөндү катарлап же чарчылап-чөнөктөп тигет.
К. түптөгүч машина катар аралыгын жумшар­туу м-н бирге отоо чөбүнөн арылтып, өсүмдүктүн түбүнө топурак үйөт. К. казгыч машина картөш­көнү казып, топурактан ж-а сабагынан ажыра­тып, талаага таштайт. К. кол м-н терилет. Бул машиналардын ар кандай маркалары бар, алар башка тракторлорго чиркелет же агрегатталат. Кырг-ндын топурак ж-а климаттык шарты картөшкө эгүүгө ыңгайлуу. 1870-жылдарда би­ринчи эгиле баштаган. Эгилме К. пайда болгон­дон кийин гибриддештирүүнүн натыйжасында 1000дей сорту пайда болгон. К-нүн Кырг-нда эгилүүчү негизги сорттору: Берлихинген, Искра, Лорх, Огонёк, Седов, Невский, Янтарный, Пи­касо ж. б. К-нүн негизги илдеттери: фитофто­роз, рак, К. чириги, К. нематодасы ж. б.; зыян­кечтери: колорадо коңузу, зым курттар, гамма көпөлөгү ж. б.


Ад.: Султанов А. Агротехника картошкага түшүм кошот. Ф., 1968; Сердюков А. Е., Писарев Б. А., Старцева Л. И. Семеноводство картофеля. Ф., 1984; Фомин И. М. Совершенствование производства кар­тофеля. Л., 1987.

Г. Эшимкулова.