КАРТӨШКӨ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРТӨШКӨ (нем. Kartoffel) – ит жүзүмдөр ту­кумундагы түймөк тамырлуу өсүмдүк. Негизи­нен Түштүк, Борбордук Америкада өсүүчү 150дөй жа­пайы ж-а эгилме 2 түрү (анд ж-а чили картошколору) белгилүү. Картөшкө – байыркы өсүмдүк. Картөшкөнүн мекени – Түштүк Аме­рика. Андан 16-кылымда Европага, 18-кылымда Россияга таралган. Жалбырагы жөнөкөй, 5 тилкелүү, чоң ж-а майда жалбырактары сабагына кезектешип,

жупсуз куш кана­ты сымал жайга­шат. Гүлү ак, көк, көгүш же кызгылт түстө. Топ гүлү – бурулча. Мөмөсү эки уялуу, көп үрөндүү жемиш.
Картөшкөнүн түймөгүнүн чоңдугу ж-а фор­масы ар түрдүү, сырты ак, кызыл, сары, кызгылт, көк, ичи ак болот. Картөшкө вегетациялык жол (түймөгүнөн) менен, ошол эле уругу­нан (селекция үчүн) өстүрүлөт. Картөшкөнүн вегетация мезгили түрүнө ж-а сортуна жараша 70–140 күн. Үрөнү жер кыр­тышынын жылуулугу 5–8°Сге жеткенде өнүп чыгат, аба ырайы салкын болсо, жакшы өсүп, 16–22°С температурада гүлдөйт. Жаңы өнүп чыккан, ошондой эле өсүп жетиле элек жаш сабагы –2°С суук­та үшүп кетет. Картөшкө гүлдөп, түп ала баштаганда суу, сиңимдүү заттар көп керектелет. Бир га жер­ден 200–259 ц түшүм алыш үчүн ал аянтка 100–175 кг азот, 40–50 кг фосфор, 140–230 кг калий жер семирткичи берилет. Картөшкөдө 76,3% суу, 23,7% кургак зат, анын ичинде 17,5% крахмал, 0,5% кант, 1–2% белок, 1%че туз, С, В,, В2, В6, РР, картөшкө вита­миндери ж-а каротиноид бар. Андан 100дөн ашык ар кандай тамак-аш жасалат. Картөшкө топу­рактагы температура 6–8°С болгондо тигилет. Кеч тигилген картөшкөнүн түшүмү, крахмалы аз болуп ка­лат. Отургузуш үчүн орточо чондуктагы (салмагы 50–80 г) картөшкө тандалып алынат. Картөшкөнү отургузуу, түптөө ж-а казуу үчүн атайын машиналар бар. Картөшкө тиккич машина бир эле мезгилде жер семирт­кич чачып, үрөндүк картөшкөнү көмөт. Ал үрөндү катарлап же чарчылап-чөнөктөп тигет.
Картөшкө түптөгүч машина катар аралыгын жумшар­туу м-н бирге отоо чөбүнөн арылтып, өсүмдүктүн түбүнө топурак үйөт. Картөшкө казгыч машина картөш­көнү казып, топурактан ж-а сабагынан ажыра­тып, талаага таштайт. Картөшкө кол м-н терилет. Бул машиналардын ар кандай маркалары бар, алар башка тракторлорго чиркелет же агрегатталат. Кыргызстандын топурак ж-а климаттык шарты картөшкө эгүүгө ыңгайлуу. 1870-жылдарда би­ринчи жолу картошоко эгиле баштаган. Эгилме картөшкө пайда болгон­дон кийин гибриддештирүүнүн натыйжасында 1000дей сорту пайда болгон. Картөшкөнүн Кыргызстанда эгилүүчү негизги сорттору: Берлихинген, Искра, Лорх, Огонёк, Седов, Невский, Янтарный, Пи­касо ж. б. Картөшкөнүн негизги илдеттери: фитофто­роз, рак, картөшкө чириги, картөшкө нематодасы ж. б.; зыян­кечтери: колорадо коңузу, зым курттар, гамма көпөлөгү ж. б.

Ад.: Султанов А. Агротехника картошкага түшүм кошот. Ф., 1968; Сердюков А. Е., Писарев Б. А., Старцева Л. И. Семеноводство картофеля. Ф., 1984; Фомин И. М. Совершенствование производства кар­тофеля. Л., 1987.

Г. Эшимкулова.