КАРТОГРАФИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
09:54, 6 Октябрь (Тогуздун айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КАРТОГРА́ФИЯ (карта ж-а ...графия) – кар­тогр. эмгектердин (географиялык карталар, гло­бустар, рельеф карталары, Айдын, планеталар­дын, жылдыздуу асмандын карталары ж. б.) теориясы, методикасы, аларды түзүү ж-а пай­далануу ыкмалары ж-дөгү илим. Коом ж-а та­бият кубулуштарынын (алардын жайгашуусу, структуралары, касиеттери, өз ара байланыш­тары, өзгөрүү мезгилдери) мейкиндикте орун алышын, айкалышын ж-а өз ара байланышын чагылдырат. К. илим катары төмөнкүдөй бөлүм­дөрдөн турат: карта таануу, матем. картогра­фия, карталарды проекциялоо ж-а түзүү, кар­таларды жасалгалоо, карталарды чыгаруу, кар­таларды пайдалануу, картогр. өндүрүш мекеме­лери, картографиянын тарыхы. Айрым тема­тикалык карталардын түрүнүн өзгөчөлүгү (геол., топурак, экон. ж. б.) ж-а аларды түзүү ыкмала­ры К-нын башка тармактарынын пайда болу­шуна шарт түздү. Топогр. К. топография, геоде­зия илимдери м-н тыгыз байланыштуу. Космосту сүрөткө тартуунун өнүгүүсү м-н жаңы багыт – космостук К. пайда болду.


Ад.: Картография. Т. 7. М., 1976; Сорокин А. И. Морская картография. М., 1985; Берлянт А. М. Образ пространства: карта и информация. М., 1986; ошол эле. Картография М., 2002; Серапинас Б. Б. Мате­матическая картография. М., 2005.