КАРТОГРАФИЯ
КАРТОГРА́ФИЯ (карта ж-а ...графия) – картографиялык эмгектердин (географиялык карталар, глобустар, рельеф карталары, Айдын, планеталардын, жылдыздуу асмандын карталары ж. б.) теориясы, методикасы, аларды түзүү ж-а пайдалануу ыкмалары жөнүндөгү илим. Коом ж-а табият кубулуштарынын (алардын жайгашуусу, структуралары, касиеттери, өз ара байланыштары, өзгөрүү мезгилдери) мейкиндикте орун алышын, айкалышын ж-а өз ара байланышын чагылдырат. Картография илим катары төмөнкүдөй бөлүмдөрдөн турат: карта таануу, математикалык картография, карталарды проекциялоо ж-а түзүү, карталарды жасалгалоо, карталарды чыгаруу, карталарды пайдалануу, картография өндүрүш мекемелери, картографиянын тарыхы. Айрым тематикалык карталардын түрүнүн өзгөчөлүгү (геологиялык, топурак, экономикалык ж. б.) ж-а аларды түзүү ыкмалары картографиянын башка тармактарынын пайда болушуна шарт түздү. Топографиялык картография топография, геодезия илимдери м-н тыгыз байланыштуу. Космосту сүрөткө тартуунун өнүгүүсү м-н жаңы багыт – космостук картография пайда болду.
Ад.: Картография. Т. 7. М., 1976; Сорокин А. И. Морская картография. М., 1985; Берлянт А. М. Образ пространства: карта и информация. М., 1986; ошол эле. Картография М., 2002; Серапинас Б. Б. Математическая картография. М., 2005.