КАРСТ ТААНУУ
КАРСТ ТААНУУ – кар ст кубулуштарын изилдөөчү илим; геология м-н география илимд. өз алдынча тармагы. Байыркы ж-а азыркы кездеги карст кубулуштарынын пайда болушун, өсүп-өнүгүү себептерин, жер бетинде таралышын, эл чарбасына тийгизген залакасын, ага каршы күрөшүү иштерин окутуп үйрөтөт. Гидротех. курулуштарды, темир ж-а таш жолдорду курууда, сугат тармактарын жүргүзүүдө, жайыттарды туура пайдаланууда, айдоо аянттарын агротех. эрежеде иштетүүдө, токойлорду билгичтик м-н өстүрүүдө ил. жактан туура көмөк берет. Өз ичинен жалпы, жерг., инж., эксперименттик, карст гидрологиясы, спелеология, карст гидрохимиясы, карст гидрологиясы деген ил. тармактардан турат.
Ад.: Максимович Г. А. Основы карстоведения. Пермь, 1963–1969. Т. 1–2.