КАРСТ ТААНУУ
КАРСТ ТААНУУ – карст кубулуштарын изилдөөчү илим; геология менен география илимдеринин өз алдынча тармагы. Байыркы ж-а азыркы кездеги карст кубулуштарынын пайда болушун, өсүп-өнүгүү себептерин, жер бетинде таралышын, эл чарбасына тийгизген залакасын, ага каршы күрөшүү иштерин окутуп үйрөтөт. Гидротехникалык курулуштарды, темир ж-а таш жолдорду курууда, сугат тармактарын жүргүзүүдө, жайыттарды туура пайдаланууда, айдоо аянттарын агротехникалык эрежеде иштетүүдө, токойлорду билгичтик м-н өстүрүүдө илимий жактан туура көмөк берет. Өз ичинен жалпы, жергиликтүү, инженердик, эксперименттик, карст гидрологиясы, спелеология, карст гидрохимиясы, карст гидрологиясы деген илимий тармактардан турат.
Ад.: Максимович Г. А. Основы карстоведения. Пермь, 1963–1969. Т. 1–2.